Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 12:50

Бишкек мэриясынын жанында жерге байланыштуу нааразылык өтүп жатат


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Бишкектин Достук кичи районунун айрым тургундары аталган конушка көп кабаттуу үйлөрдү курууга уруксат берүү талабы менен нааразылык акциясына чыгышты. Ушул тапта мэриянын жанында турган жарандар “Азаттык” радиосуна билдиришкендей, алар “Айылчы курулуш” компаниясына үй салууга уруксат берүүнү талап кылышууда.

Маалыматка ылайык, мурда курулушка уруксат берилгени менен, кийинчерээк ал жерлерге жеке турак үйлөр курулуп кеткен. Бул маселе Жогорку сотко чейин жетип, бирок көп кабаттуу үй курууга уруксат берилген эмес.

“Айылчы курулуш” компаниясы “Достук” кичирайонуна буга чейин да беш кабаттуу беш үй салган.

Бишкек мэриясынын басма сөз катчысы Гуля Алманбетова “Айылчы курулуш” компаниясы буга чейинки үйлөрдү документсиз курганы, уюмдун иштери мыйзамсыз экени аныкталып, текшерүү жүрүп жатканын “Азаттык” радиосуна билдирди.

XS
SM
MD
LG