Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Декабрь, 2024-жыл, дүйшөмбү, Бишкек убактысы 14:21

АКШдагы Республикачылардын курултайы чуу менен башталды


АКШнын Республикалык партиясынын курултайы өтүп жаткан стадион. Кливленд, Огайо.
АКШнын Республикалык партиясынын курултайы өтүп жаткан стадион. Кливленд, Огайо.

АКШнын Республикалык партиясынын Кливленддеги курултайы ычы-чуу менен башталды. Дональд Трампка каршы делегаттар добуш берүү укугунан айрылган соң нааразылык акциясын уюштурду. Партиянын айрым мүчөлөрү эрежелерди өзгөртүп, башка талапкерди көргөзүүгө үмүт артып келишкен.

Жыйында партиянын жетекчилиги андайлар жетиштүү колдоо ала албагандыгын билдирди. Буга нааразы болгон айрым делегаттар курултайдан ызы-чуу менен чыгып кетишти, башкалары добуш берүүнү талап кылып кыйкырып турушту. Курултайда Трамп АКШда 8-ноябрда өтө турган президенттик шайлоого өз талапкерлигин бекитүүнү көздөгөн.

Республикачылардын айрым фракциялары #NeverTramp (Эч качанТрамп) кампаниясын башташкан. Бирок Трамп өзү твиттер барагында бул акция токтотулгандыгын жазып чыккан.

XS
SM
MD
LG