Ички иштер министрлиги эң мыкты жана начар Ички иштер бөлүмдөрүн аныктады. Министрликтин башкы штабынын жетекчиси Бактыгул Абдыжалиев бүгүн Бишкекте өткөн маалымат жыйынында билдиргендей, мыкты мекемелер арасында 1-орун Ош шаардык милициясына, 2-орун Нарын облустук милициясына, 3-орун Чүй облустук милициясына ыйгарылды.
Ал эми эн начар көрсөткүчтө деп Кара-Кулжа, Панфилов, Бакай-Ата, Чоң Алай, Ысык-Ата, Чаткал, Жумгал, Өзгөн, Жайыл райондорунун жана Балыкчы шаардык Ички иштер бөлүмдөрү аталды.