Линктер

шейшемби, 22-август, 2017 Бишкек убактысы 09:40

Поезддегилерге кол салгандын жашаган жеринен "ИГ" желеги табылды


Германиянын полициясы кечээ поездде кол салган оогандык жигиттин бөлмөсүндө “Ислам мамлекети” радикал уюмунун желеги табылганын маалымдады. Бавариянын ички иштер министри Йоахим Херманн ал уюмдун мүчөсү болгонун же жакында радикалдашканын айтуу азырынча эрте экенин билдирди.

Полиция күбөлөрдүн көрсөтмөлөрүнө таянып билдиргендей, баш калка сурап келген 17 жаштагы оогандык качкын бычак жана балта менен жүргүнчүлөргө кол салганда "Аллах акбар!" деп кыйкырган. 5 киши жараланган, экөө оор абалда. Полиция кол салганды атып өлтүргөн.

Кылмыштын себептери азырынча белгисиз. Оогандык качкын Германияга эки жыл мурун ата-энесиз, жалгыз келген жана Вүрцбургдагы качкындар үйүндө жашап келип, жакында эле жергиликтүү үй-бүлөгө жайгаштырылган.

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG