Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:27

Медакадемия ректорлугуна талапкер Кудайбергеновага "апрелчилер" нааразы


Кыргыз медициналык академиясынын ректору кызматына талапкер Индира Кудайбергенова Акмат Бакиевдин качып кетишине салым кошкон. Мындай пикирин апрель окуясында жабыркагандардын “Эр теги” коомдук бирикмесинин жетекчиси Осунбек Жамансариев “Азаттык” радиосуна билдирди. Анын айтымында, Кудайбергенова Бакиев дарыланып, андан соң качып чыккан жеке клиниканын ээси:

-Биз аны түздөн-түз Акмат Бакиевди качырган деп айта албайбыз. Бирок, Бакиев 3-мартта качса да, Индира Кудайбергенова бул тууралуу 7-мартта кабарлаганы көптөгөн шектенүү жаратат. Эми өкмөт бул адамды ректорлукка дайындоого аракеттенип жатканы апрель окуясында жапа чеккендердин нааразылыгын туудурууда.

2010-жылдагы башаламандыктар боюнча жети жылга эркинен ажыратылган Акмат Бакиев 2012-жылы 3-мартта жеке ооруканадан качып кеткен. Ал ошол жылдын башында №35 жатак абагына которулуп, ал жерден ден-соолугу начарлап кетти деген жүйө менен бейтапканага чыгарылган. Ал дарыланган клиниканын ээси деген Индира Кудайбергенова өткөн айда Медициналык академиянын ректору кызматына талапкер катары тандалган үч адамдын бири. Талапкерлер премьер-министрге сунушталган. Бирок булардын арасынан кимдин тандалары азырынча белгисиз экенин өкмөттөн кабарлашты. (NT)

XS
SM
MD
LG