Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 15:21

“Ар Намыс”, “Бүтүн Кыргызстан”, “Аалам” партиялары коалиция түзүштү


"Ар Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов.
"Ар Намыс" партиясынын лидери Феликс Кулов.

“Ар-Намыс”, “Бүтүн Кыргызстан” жана “Аалам” партиялары Саясий партиялардын коалициясын түзүштү. Бул тууралуу аталган партиялардын лидерлери Феликс Кулов, Адахан Мадумаров жана Жылдызкан Жолдошева бүгүнкү маалымат жыйынында билдиришти.

Алар Кыргызстанда шайлоо өткөрүү нормаларын өзгөртүүнү сунушташып, буга чейинки шайлоолор таза өтпөгөндүгүн белгилешти. Саясатчылар добуш берүүнүн латвиялык системасын киргизип, өзүн өзү эсептеген сканердик урналарды колдонуу керектигин белгилешүүдө.

Кыргызстанда өткөн жылдан тарта шайлоолордо "акылдуу урналар" иштетиле баштаган. Анда бюллетендер автоматтык түрдө саналат. (SE\BkA)

XS
SM
MD
LG