Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:31

Вашингтондо Ирак боюнча донорлор жыйыны өтөт


Ирак.
Ирак.

Кеминде 24 өлкө катышат деп күтүлүп жаткан донорлор жыйынын Кошмо Штаттар, Канада, Германия, Жапония, Кувейт уюштурууда. Конференцияда уюштуруучулар Ирак үчүн эки миллиард доллардан ашуун каражат топтоону мерчемдеп жатышат.

Донорлор конференциясы артынан Иракта “Ислам мамлекети” тобуна каршы күрөшүү боюнча да атайын кеңешме өтөт.

Ага АКШ баштаган коалицияга кирген ондогон өлкөлөрдүн коргоо жана тышкы иштер министрлери катышары күтүлүүдө.

Ирак азыр ири гуманитардык кризиске кабылып турат. “Ислам мамлекети” тобу менен согуштан улам өлкөнүн 3,3 миллион калкы жер которууга аргасыз болду.

БУУнун эсебинде Ирак жалпысынан 4,5 миллиард доллар гуманитардык жардамга муктаж. Улуттар уюму өз планында Ирак үчүн гуманитардык жардам катары болгону 778 миллион доллар караган.

БУУнун өкүлдөрү кечээ билдиришкендей, Мосул шаарына күтүлүп жаткан чабуулга чейинки гуманитардык муктаждыктар үчүн 284 милллион доллар, чабуулдан кийинки кесепеттерди жоюууга 1,8 миллиард доллар керек болот. (UE)

XS
SM
MD
LG