Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 11:26

Түркияда окумуштуулардын четке чыгуусуна тыюу салынууда


Түркияда шектүу делгендерди кармоо уланууда. Мерсин, 19-июль, 2016-жыл.
Түркияда шектүу делгендерди кармоо уланууда. Мерсин, 19-июль, 2016-жыл.

Өлкөнүн Жогорку билим берүү кеңеши университеттерге кошумча маалымат берилмейинче окумуштууларын чет өлкөлөргө жөнөтүүгө тыюу салганын өкмөттүк ТРТ телеканалы жана “Анадолу” кабар агенттиги маалымдады.

Бул чечимдин чоо-жайы белгисиз, бирок мунун алдында кечээ Түркиянын Жогорку билим берүү кеңеши “Анадолу” агенттигинин жазганына караганда, мамлекеттик жогорку окуу жайларда иштеген 1176, жеке менчик университеттерде иштеген 401 декандын кызматтан кетишин талап кылган.

Ал эми Рейтер агенттиги Түркиянын Билим берүү министрлги жеке менчик окуу жайларда иштеген 21 миң мугалимди лицензиядан ажыратканын кабарлады.

Мындай чаралар 15-июлдан 16-июлга караган түнкү аскерий төңкөрүш аракетинен кийин көрүлүп жатат.

Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары АКШда жашаган динаятчы Фетхуллах Гүленди айыптоодо.

Түрк бийлигинин айыптоосун кескин түрдө четке каккан Гүлендин “Хизмет” уюмунун Түркияда эле эмес, башка өлкөлөрдөгү жогорку окуу жайлары, мектептери менен байланышы бар деп саналат. (UE)

XS
SM
MD
LG