Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:47

Түркмөнстан Казакстан менен чек арасын жапты


Чек арада коопсуздук чаралары күчөтүлгөнүнө байланыштуу Түркмөнстан Казакстан менен чек арасын кеминде беш күнгө толугу менен жапкан.

Казакстандын Түркмөнстан менен чектешкен Маңгыстау облусундагы расмий өкүлдөрдүн билдиргенине караганда, бул облустун тургундары коңшу өлкөнүн жакынкы аймактарына беш күнгө чейин мөөнөт менен визасыз бара алары Ашхабад тарап менен макулдашылды.

Казакстан менен Түркмөнстандын чек арасы 413 чакырымды түзөт.

Түркмөнстандын чек араны бир тараптуу жабышы апта башында Алматыда жасалган кол салууга тиешеси бар-жогу белгисиз.

18-июль күнү Казакстандын түштүк борборунда райондук милициянын, атайын кызматтын имараттарына жасалган кол салуудан алты кишинин өмүрү кыйылган. Кол салууну жасаган 26 жаштагы Руслан Кулекбаев кармалды.

Президент Нурсултан Назарбаев Астанада өткөн Коопсуздук кеңешиндеги жыйында бул окуяны “теракт” деп мүнөздөгөн болчу. (UE)

XS
SM
MD
LG