Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:57

Казак режиссеру Кыргызстандагы телеканалды сотко берерин билдирди


Нуртас Адамбай
Нуртас Адамбай

Казакстандык режиссер Нуртас Адамбай “Келинка Сабина” комедиялык сериалын уруксатсыз эфирге бергени үчүн TV1KG телеканалын сотко берерин айтты. Tengrinews.kz сайты тараткан кабарга ылайык, режиссер анын фильми кыргыз телеканалында көрсөтүлүп жатканы тууралуу бишкектик тааныштарынан уккан.

-Телеканал автордук укук жөнүндөгу мыйзамдарды сыйлаган жок. Бир жолу телеканалга байланышып, тасманы эфирден алып салууну сурандык. Бирок ал ишке ашпады. Экинчи ирет телефон чалсак, эч ким жооп бербеди,- дейт режиссер.

TV1KG каналынын башкы директору Махмуд Амираев мындан кабары жок экенин, казак режисссеру ага кайрылбаганын “Азаттык” радиосуна билдирди:

-Бизде эфирге берилчү тасмаларды башкы редактор тандайт. Ал туура көрүп эфирге берсе керек. Менин кабарым жок. Казак режиссерунун нааразылыгы тууралуу да укпадым. Мага чалган жок. Балким редакторго чалгандыр. Эмне болгон күндө да ишти сотко жеткирбей, жакшылык менен чечкенге аракет кылабыз.

TV1KG телеканалы 2014-жылдан бери кабелдик каналдар аркылуу эфирге чыгат. (SE)

XS
SM
MD
LG