Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 07:08

Казакстанда кыргызстандык автобус туш келген кырсык иликтенүүдө


Казакстандын Акмола облустук полициясы Кыргызстандан баратып кырсыкка кабылган автобус боюнча иликтөө жүргүзүп жатат. Жергиликтүү булактар күч органдарына таянып билдиргендей, 18-июлда Если районунда жүргүнчү ташыган “Сиетро” маркасындагы автобус оодарылып кеткен. Маалыматтарга караганда, автобус Бишкектен Орусиянын Пермь шаарына багыт алган. Авария учурунда курман болгондор жана олуттуу жараат алгандар жок экенин Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги “Азаттык” радиосуна кабарлады.

Казакстандын маалымат булактары автобуста бараткан тажикстандык 42 жаштагы жаран ооруканага түшкөнүн жазып жатышат. (SE)

XS
SM
MD
LG