Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 09:00

Британия 2016-жылдын аягына чейин Евробиримдиктен чыгууну суранбайт


Британиянын премьер-министри Тереза Мэй (солдо), Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде маалымат жыйын курушту.
Британиянын премьер-министри Тереза Мэй (солдо), Германиянын канцлери Ангела Меркель Берлинде маалымат жыйын курушту.

Улуу Британиянын премьер-министри Тереза Мэй Лондон 2016-жылдын аягына чейин Евробиримдиктен чыгууну суранбай турганын айтты. Британия Евробиримдиктен “жөндүү жана иреттүү” чыгыш керек, деп билдирди өкмөт башчы.

- Бириккен улуттар уюму 50-беренени өзүнүн максаттарын так аныктамайынча ишке ашырбайт. Ошондуктан биз Евробиримдиктен ушул жылдын аягына чейин чыкпайбыз.

Булу тууралуу ал Германиянын канцлери Ангела Меркель менен 20-июлда Берлинде биргелешкен маалымат жыйында билдирди. Премьер-министр катары биринчи жолу чет өлкөгө чыккан Тереза Мэй Британия Европадан “алыстабайт” жана “тыгыз экономикалык байланыштарын” сактап калат деп ишендирди.

Меркель Англия үчүн Евробиримдиктен чыгуу жараянын узакка созуу нормалдуу эле көрүнүш болгону менен, мындай белгисиздик мөөнөт эки тарапка тең өз залакасын тийгизерин айтты.

Тереза Мэй өкмөт башчы катары алгачкы иш сапарын кечээ баштады. Германияда Ангела Меркель менен жолуккан соң, Мэйдин Францияга барышы күтүлүүдө.

XS
SM
MD
LG