Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:52

Жогорку сот имаратына “бомба коюлганы” тууралуу кабар жалган болуп чыкты


Иллюстративдик сүрөт.
Иллюстративдик сүрөт.

Жогорку соттун имаратына “жардыргыч зат орнотулганы” тууралуу кабарды бүгүн түшкө жуук белгисиз адам телефон чалып айткан. Күч органдарынын өкүлдөрү имаратты курчоого алып, саперлор издөө иштерин жүргүзүштү. Кызматкерлердин баары сыртка чыгарылды. Натыйжада эч кандай “бомба” табылбаганын “Азаттык” радиосуна Жогорку соттун басма сөз катчысы Айнура Токтошева билдирди:

-Текшерүүдөн кийин кызматкерлерге имаратка кирүүгө уруксат берилди. Жумуш кадимкидей күн тартибинде улана баштады.

Кыргызстанда буга чейин да бир канча жолу “бомба” тууралуу жалган маалымат бергендер болгон. Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитет жалган билдирүү берген учурлар көбөйүп жатканын айтып, элди чууга салган адамдардын айрымдары кармалса, көпчүлүгү издөөдө жүргөнүн билдирген. (SE)

XS
SM
MD
LG