Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 01:35

Рахманкул хандын байбичеси кайтыш болду


Түркиянын Ван аймагындагы Улуу Памир айылында Рахманкул хандын байбичеси Толумбүбү Кутлу 18-июлда каза тапты. Бул тууралуу “Азаттык” радиосуна анын небереси, Түркиядагы этникалык кыргыздар коомунун жетекчиси Курманбек Кутлу билдирди.

Толумбүбү байбиче 87 жашында көзү өтүп, 19-июлда жерге берилди. Ал Рахманкул хандын экинчи аялы болгон жана үч уул, бир кыздын энеси эле. Түркиядагы Улуу Памир айылында ушу тапта 400 ашуун түтүн ооган кыргыздары жашап жатат. (BCh)

XS
SM
MD
LG