Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
24-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 22:40

Армян премьери куралчан оппозицияны "террорчуларга" кошподу


Нааразылык акциясына чыккандарды армян полициясы кармап аткан учуру. Армения, Ереван.
Нааразылык акциясына чыккандарды армян полициясы кармап аткан учуру. Армения, Ереван.

Армениянын борбору Ереванда "Негиздөөчү парламент" аталган оппозициялык кыймылдын жактоочулары нааразылык акциясына чыгып, алар менен полициянын ортосунда кагылышуу болду. Тартип коргоо органдары 136 кишини кармады.

Армениянын премьер-министри Овик Абрамян 17-июль күнү полиция имаратына чабуул жасап, полиция кызматкерлерин барымтага алган нааразы тараптын аракеттерин айыптап, мындай жол менен өзгөрүүлөргө жетүү мүмкүн эместигин айтты.

Маалымат каражаттары премьер-министр өз сөзүндө нааразыларды "куралчан топ" деп атап, "террорист" деген сөздү колдонбогондугуна көңүл бурушту.

Жекшемби күнү эртең менен "Сасна црер" (Сасун эр жүрөктөрү) тобунун куралчан мүчөлөрү полиция имаратын басып алып, учурда төрт кишини барымтада кармоодо. Алар бийликтен мурун камакка алынган оппозиция лидери Жирайр Сефилянды бошотуусун жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетүүсүн талап кылышууда.

XS
SM
MD
LG