Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
6-Октябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 17:40

Омбудсмен балдар өлүмүнө төрөткана тартышыгы да себеп болорун билдирди


Төрөтканалардын абалы. Акыйкатчы инстититунун адистери тарткан сүрөттөр.
Төрөтканалардын абалы. Акыйкатчы инстититунун адистери тарткан сүрөттөр.

Кыргызстанда бардык талаптарга төп келген төрөтканалардын жетишсиздиги балдар өлүмүнүн көбөйүшүнө шарт түзүп жатат. Бул тууралуу бүгүн Омбудсмен институту тараткан билдирүүдө айтылат. Мекеменин адистери өлкө аймагында жүргүзгөн иликтөөнүн натыйжасы көрсөткөндөй, көп төрөтканаларда аялдардын көз жаруусу үчүн жөнөкөй эле шарттар жок. Айрым жерлерде ысык суу эмес, муздак суу да тартыш. Мындай абал республиканын бардык аймактарынан кезигет.

2016-жылдын биринчи чейрегине карата өлкө аймагында каттоого алынган төрөттөрдүн 76 пайызы оор өткөн. 32 бала өлүк төрөлгөн. Ал эми көз жаруудан көз жумган аялдар саны 50дөн ашты. (SE)

XS
SM
MD
LG