Мамлекеттик каттоо кызматы автоунаалар үчүн жаңы чыгарылган номурларды эми техникалык экспертизадан өткөрүү боюнча тендер жарыялады. Мамлекеттик сатып алуулар сайтындагы маалыматка ылайык, анын баасы 304 миң сомго эсептелүүдө.
Мамкаттоо кызматынын басма сөз катчысы Мелис Эржигитов “Азаттык” радиосуна билдиргендей, буга чейин номурлар Польшанын Utal деген лабораториясынан экспертизадан өткөн. Бирок айрым эксперттердин улуттук лабораториялык текшерүү болушу керек деген талабы боюнча кайрадан тендер жарыялоого туура келди.
-Бул жерде жеке көралбастык аракеттер да роль ойноп жатат. Номурлар эл аралык экспертизадан өткөн болсо да, кайра жергиликтүү экспертизадан өткөрүүгө макул болдук,- дейт Эржигитов.
Кыргызстандагы автоунааларга жаңы үлгүдөгү номурлар 1-июндан тарта бериле баштаган. Эл аралык стандарттарга ылайыкташтырылганы айтылган номур үч тамга жана үч сандан турат. Ар бир аймактын белгиси тамга менен эмес, 01ден 09 чейинки сан менен көрсөтүлөт.
Номурдун баасы салыктарды кошкондо 950 сом деп бааланган. (SE)