Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 04:36

Түркия: Вашингтон Гүленди экстрадициялоо маселесин карай турган комиссия түзүүнү сунуштады


АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен.
АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүлен.

Вашингтон Фетхуллах Гүленди Түркияга өткөрүп берүү маселесин карай турган комиссия түзүүнү сунуштады. Бул тууралуу Түркиянын тышкы иштер министри Мевлют Чавышоглу билдирди.

АКШ мамкатчысы Жон Керри Вашингтон Гүленди өткөрүп берүү боюнча маселени караштырат, бирок аны экстрадициялоо үчүн айныксыз далилдер керектигин айтты.

Анкара АКШга Гүленди экстрадициялоо боюнча расмий кат жөнөтөрүн айткан, бирок азырынча бул нерсе ишке аша элек.

Түрк бийлиги 60 миңдей адамды аскерий төңкөрүш аракети артынан тазалоо делген операциянын алкагында камакка алып, кызматтан бошотту. Алардын арасында аскерлер, полициячылар, соттор, мамлекеттик кызматчылар жана мугалимдер да бар.

Расмий Анкара төңкөрүш аракетинин артында турган адам катары АКШда жашаган диниятчы Фетхуллах Гүленди айыптоодо.

75 жаштагы Гүлен өз тарабынан аскерий төңкөрүш аракетине тиешеси бардыгын кескин түрдө четке каккан.

XS
SM
MD
LG