Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:44

Сузак акиминин Батыровдун мүлкүнө байланыштуу иши сотко өттү


Жалал-Абад облусундагы Сузак районунун акими Абдимуктар Маматовдун үстүнөн Кадыржан Батыровдун мүлкү боюнча козголгон кылмыш иши сотко өттү.

Башкы прокуратура билдиргендей, аны менен кошо райондук сот аткаруучулар кызматынын өкүлүнүн, Райондук мүлктү каттоо башкармалыгынын үстүнөн козголгон кылмыш иш да сотко жөнөтүлдү.

Маалыматка караганда, алар 2010-жылдагы калабага айыпталып, сыртынан өмүр бою камалган Кадыржан Батыровдун Дмитриевка айылында жайгашкан кыймылсыз мүлкүн жашырган деп айыпталышууда.

“6 миллион 705 миң сомдук мүлк мурунку президент Курманбек Бакиевдин тууганы Санжар Бакиевдин пайдасына мыйзамсыз өткөрүлгөн”,- деп айтылат Башкы көзөмөл органынын билдирүүсүндө.

Аким Абдимуктар Маматов бул иш ал 2011-жылы райондук Мамкаттоонун башчысы болуп турганда алешемдиктен улам туура эмес катталып калганын, бирок Санжар Бакиевдин наамына жазыла электигин билдирди.

- Өкмөткө эч кандай зыян келген жок. Мүлк ордунда турат. Кызматкерлердин адашуусунан улам ушундай түшүнүксүз жагдай болуп калды. Териштирилип жатат.

Абдимуктар Маматов ушул тапта эмгек өргүүсүндө экенин айтты.

XS
SM
MD
LG