Маалымат алуу үчүн Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги Германиянын ички иштер органдары менен кызматташууда. Министрлик Германияда жүргөн мекендештери эл көп чогулган жерлерден алыс болуп турууга чакырган.
Тышкы иштер министрлиги Германияда жашаган бардык кыргызстандыктарга кайрылып, 22-июлдагы соода борборуна кол салуудан жабыркаган кыргызстандык жарандар бар-жоктугу тууралуу маалыматтар менен бөлүшүүгө чакырган. Ал үчүн Кыргызстандын Германиядагы элчилигинде 030-364-11-860, 030-347-81-339,0178-740-53-37, 0157-793-020-68, 0157-875-302-87, 0176-23-24-99-61 телефондору күнү-түнү иштөөдө.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы маалымдады.(ZKo)