Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 14:42

Ереванда барымтадагы эки киши бошотулду


Барымтада жаткандар кармалган полиция участогу
Барымтада жаткандар кармалган полиция участогу

Барымтада калгандар бийлик баскынчыларга пресс-борбор ачууга уруксат берген соң бошотулду. Дагы экөөнү баскынчылар башка шарттар аткарылса, кое беришерин айтышты. Алардын колунда армян ички иштер министринин орун басары Вардан Егиазарян менен Ереван полиция башчысынын орун басары Валерий Осипян кармалып турат. Баскынчылар буларды пресс-борбор иштей баштаганда кое беребиз деп убада кылышууда.

17-июль күнү кечинде "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, бир нече полиция кызматкери барымтага алынган.

XS
SM
MD
LG