Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:06

ИИМ: Бишкекте жана Чүйдө теракт жасоону көздөгөн чет элдик адам кармалды


Бишкек шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери 21-июль күнү шектүү чет өлкөлүк жаранды кармашты. Текшерүү учурунда ал радикал багыттагы такфир-жихад агымын карманган киши экени аныкталган. Анын жанынан октору менен кесилген мылтык, жасалма чач, медициналык беткаптар жана экстремисттик мазмундагы дисктер табылган.

Кармалган жаран Бишкек шаарында жана Чүй облусунда бир катар террордук жардырууларды жасоону көздөп жүргөнү аныкталды деп маалымдайт Бишкек милициясынын басма сөз кызматы.

Бул факты боюнча кылмыш иши козголуп, чет элдик жаран убактылуу камоочу жайга киргизилген. Учурда анын эл аралык экстремисттик уюмдарга тиешеси жана Кыргызстанда анын шериктери бары-жогун аныктоо иштери жүрүүдө. Иликтөө иштеринин кызыкчылыгына байланыштуу кармалган киши кайсы мамлекеттин жараны экени ачык айтылган эмес.

18-июлда коңшулаш Казакстандын Алматы шаарында милицияга куралдуу кол салуу болгондон кийин Кыргызстандын милициясы күчөтүлгөн тартипте иштөөгө өткөрүлгөн. (ZKo)

XS
SM
MD
LG