Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:47

Түркияда Гүлендин тууганы кармалды


Фетхуллах Гүлен
Фетхуллах Гүлен

Мухаммед Саид Гүлен терроризмге айыпталып кармалганын түрк маалымат каражаттары жазып чыгышты. AFP агенттиги Гүлендин жакын жардамчыларынын бири Халис Ханжи да кармалганын маалымдоодо.

АКШда жашаган Фетхуллах Гүленди түрк бийлиги 15-июлдагы бийликти басып алуу аракетин уюштурган деп айыптоодо. Гүлен муну четке кагып келет.

23-июлда Түркиянын президенти Режеп Тайып Эрдоган Гүлен менен байланышы бар делген миңден ашуун мектепти, ондогон саламаттык сактоо мекемелерин, 15 окуу жайды жана миң чамалуу коомдук уюмдарды жабууну буйруган. Президент ошондой эле түрк армиясын да “тазалоону” убада кылды.

Түркияда бийликти басып алууга аракет кылды деген айып менен он миңден ашуун киши камалган. Мамлекеттик жана аскер кызматкерлери массалык түрдө иштен айдалууда.

Негизи дүйнөдөгү 100дөн ашык өлкөдөгү түрк окуу жайларынын көбүн диниятчы Фетхуллах Гүлендин кыймылы каржылары айтылып келет.

Кыргызстанда эл аралык "Себат" билим берүү мекемесине таандык 15 чакты лицей-мектеп, бир университет жана маданий, кайрымдуулук жаатта иш алып барган уюмдар бар.

XS
SM
MD
LG