Линктер

шаршемби, 16-август, 2017 Бишкек убактысы 21:14

Еревандагы полиция имараты бошотула элек


17-июль күнү "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон.

Барымтада кармап турган төрт полициячыны кое бергени менен "Сасна црер" же “Негиздөөчү парламент” деп аталган куралдуу топ бир жумадан бери ээлеп турган имаратты бошотуудан баш тартууда. Топтун мүчөлөрү куралдарын таштабай турганын билдиришип, талаптары аткарылышын күтүшөрүн айтышты.

Ишемби күнү "Сасна црер" ээлеген имаратка алгачкы жолу журналисттер кирди.

17-июль күнү "Негиздөөчү парламент" деп аталган оппозициялык уюмдун жактоочулары колуна курал алып, Еревандагы полиция имаратына чабуул койгон. Ок атышуудан полициянын полковниги набыт болуп, бир нече полиция кызматкери барымтага алынган, алар ишембиде коё берилген.

Андан кийин полицияны барымтага алган куралдуу топтун тарапкерлери бир нече жолу президент Серж Саргсяндын кызматтан кетүүсүн талап кылып, имараттын алдына чогулушкан. Нааразылык учурунда полиция менен кагылышуулар болгон.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG