Линктер

дүйшөмбү, 21-август, 2017 Бишкек убактысы 03:12

Павел Шереметтин өлүмүн украин күч кызматы АКШ менен чогуу иликтейт


Теги беларус журналист Павел Шеремет 20-июлда Киевде өлтүрүлгөн.

Украин ички иштер министри Арсен Аваков журналисттин өлүмүн украин күч кызматтары АКШ чалгын кызматынын эксперттери менен кошо иликтөөгө аларын билдирди. Аваков ошондой эле иликтөөгө тиешеси жок айрым саясатчыларды ар кандай “илинчектерди” жарыялабоого чакырды:

- Мен күн сайын маалымат алып жатам, бирок аны жарыялоого болбойт. Натыйжа чыкканда маалыматты өзүбүз айтабыз.

Теги беларус журналист Павел Шеремет 20-июлда Киевде өлтүрүлгөн. Павел Шереметтин сөөгү 23-июлда Минскиде жерге берилди.

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

“Азаттык” үналгысы журтташтар арасында онлайн сынак жарыялайт! Сынакка келген материалдар менен бул жерден таанышсаңыз болот. Материалдар 31-августка чейин кабыл алынат. ​

XS
SM
MD
LG