Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 08:13

Amnesty International: Түркияда камалгандар кыйноого учуроодо


Түркия.
Түркия.

Адам укугун коргоочу уюм бул боюнча ишенимдүү далилдери бар экенин ырастоодо. Уюмдун 24-июлдагы билдирүүсүндө айтылгандай, 15-июлдагы бийликти басып алуу аракети үчүн шектелип камалган жүздөгөн адамдар кыйноого алынууда.

“Алар уруп-сабоолорго, кыйноолорго жана зордук-зомбулуктарга дуушар болуп жатышат” деп айтылат уюмдун билдирүүсүндө. Amnesty International дарыгерлер менен адвокаттардын сөздөрүн мисал келтирип, камактагыларга зордук-зомбулук жасалып жатканына далил катары көрсөткөн.

"Франс Пресс" агенттиги Түркиялык аткаминердин кармалгандарга күч колдонбосун айтканын жазып чыкты.

Мурдараак ЕККУ Түркиядагы кырдаалга көз салуу үчүн байкоочуларын жиберүүгө уруксат сураган. “Немис толкуну” (Deutsche Welle) радиосу маалымдагандай, расмий Анкара бул сунушка жооп бере элек.

XS
SM
MD
LG