Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 20:43

25-июлда ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-айлампасы башталат


Жалал-Абад университети.
Жалал-Абад университети.

Жалпысынан быйылкы окуу жылында жогорку окуу жайларына кирүү үчүн сынакка 26 миңден ашуун абитуриент катышкан. Биринчи айлампада гранттык орундар аркылуу 2 610 абитуриент жогорку окуу жайларына кабыл алынса, экинчи айлампада 2 322 абитуриент өткөн. Үчүнчү айлампага канча орун калганы азырынча белгисиз.

ЖОЖдорго кабыл алуунун 3-айлампасы 25-июлдан 30-июлга чейин жүргүзүлөт.

Быйыл Кыргызстандын орто мектептерин 52 миңден ашуун бүтүрүүчү аяктады. Анын ичинен 52 бүтүрүүчү жакшы окугандыктары үчүн “Алтын тамга" сертификатын алышты. Жогорку окуу жайларына кирүүгө мүмкүнчүлүк берүүчү 110 баллдык босогодон 25 351 абитуриент өткөн.(ZKo)

XS
SM
MD
LG