Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 17:18

Германиянын Ансбах шаарында жардыруу болду


Германия.
Германия.

Шаардагы барлардын биринин кире беришинде жанкечтинин жардыруусунан кеминде 12 киши жаракат алып, ал өзү мерт кетти. Жергиликтүү полициянын маалымдашынча, жардыруунун максаты белгисиз. Окуя болгон жерге жакын аянтта музыкалык фестиваль өтмөк, ал жерден эки миң чамалуу киши эвакуацияланды.

Жардыруу 24-июль күнү саат 22 чамасында болду.

Андан бир нече саат мурдараак Сириядан келген качкын Ройтлиген шаарында мачете менен бир аялды өлтүрүп, эки кишини жарадар кылган эле.

22-июль күнү теги ирандык улан Мүнхенде соода борборуна кол салып, тогуз киши набыт болгон.

XS
SM
MD
LG