Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Январь, 2025-жыл, жума, Бишкек убактысы 04:12

Базар-Коргон: Жогорку Соттун Аскаров боюнча чечимине каршы митинг өтүүдө


Аскаровдун соту
Аскаровдун соту

Жалал-Абаддын Базар-Коргон районунда өмүр бою соттолгон укук коргоочу Азимжан Аскаров боюнча Жогорку Соттун чечимине каршы митинг өтүүдө. Бул тууралуу Базар-Коргон райондук милициясынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 100гө чукул адам Аскаровду өмүр бою абакка кесүү боюнча сот чечиминин жокко чыгарылышына нааразылык билдиришүүдө. Алар Азимжан Аскаровго катаал жаза чектөөнү талап кылышууда.

Жалалабаддык укук коргоочу Азимжан Аскаров 2010-жылдын июнь окуясы боюнча айыптуу деп, 2011-жылы Жогорку Соттун чечими менен өмүрүнүн акырына чейин кесилген. Бирок быйыл жазында БУУнун Адам укуктары боюнча комитети ал мыйзамсыз камалганын айтып чыккан.

Аталган уюмдун сунушунун негизинде Жогорку Сот 12-июлда ишти жаңы ачылган жагдайларга байланыштуу деген негизде кайра карап, өзүнүн жана Жалал-Абад облустук сотунун өкүмдөрүн жокко чыгарып, ишти кайра кароого Чүй облустук сотуна жөнөткөн.(BkA)

XS
SM
MD
LG