Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
5-Май, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 08:57

Шайлоо мыйзамын өзгөртүү боюнча кол топтолууда


Шайлоо.
Шайлоо.

Бул тууралуу “Аалам” партиясынын лидерлеринин бири Жылдыз Жолдошева билдирди. Анын айтымында, өлкөдө таза шайлоо өткөрүү үчүн шайлоо мыйзамдарын өзгөртүү сунушу менен президент, Жогорку Кеңеш, БШКга демилгелер жөнөтүлдү. Мыйзамды жарандык демилге катары сунуштоо үчүн 10 миң адамдан кол топтоо зарыл. Учурда буга даярдыктар көрүлүүдө.

Буга чейин “Бүтүн Кыргызстан”, “Ар-намыс” жана “Аалам” партиялары бир катар саясий күчтөр менен биригип, шайлоо мыйзамдарын өзгөртүүнү сунуштап чыгышкан. Алардын жүйөсүндө, учурдагы мыйзамдар менен таза шайлоо өткөрүүгө мүмкүн эмес.

Саясий партиялардын коалициясы сунуштаган долбоорго ылайык, өлкөнү тогуз аймактык шайлоо округуна бөлүп, саясий партиялардын тизмесин ушул негизде түзүү каралган. Мындай жол менен депутаттардын шайлоочулар алдындагы жоопкерчилигин көтөрүү сунушталууда. (BkA/EBM)

XS
SM
MD
LG