Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 07:52

Чавушоглу: Кыргызстанда "гүленчилер" күчөп баратат


Түркиянын тышкы иштер министри Мевлүт Чавушоглу Кыргызстанда Фетхуллах Гүлендин кыймылынын таасири күчөп баратканын билдирди. Бул тууралуу ал бүгүн “Хабертүрк” каналындагы маегинде айтты. Чавушлоглу бул кыймылдын коркунучу тууралуу Кыргызстандын жетекчилигине эскерткенин ачыкка чыгарды:

- Айрым өлкөлөрдү эскертип жатабыз. Мисалы, Кыргызстандын тышкы иштер министрине телефон чалып эскерттик. Себеби, алар (гүленчилер) Орто Азиядан Кыргызстанды бир база катары тандап алышкан. Ошондой эле күн өткөн сайын желелеп тарап баратат. Кыргызстандын бийлигине да кирип жатышат жана аларга каршы төңкөрүш аракетин жасашы мүмкүн. Бизге дос жана бир тууган Кыргызстан өлкөсү аскердик төңкөрүш кылууга аракет кылган террористтик уюмдун ишмердик жүргүзүшүнө уруксат бербеши керек деп ойлойм, - деди Чавушоглу

Ошондой эле түрк министри Кыргызстандын тышкы иштер министри "гүленчилер" делген уюмдардын тизмесин сураганын жана ал тизме берилгенин кошумчалаган.

Муну менен катар Чавушоглу эгер кыргыз бийликтери эскертүүгө терс жооп берсе, эки өлкө ортосундагы мамилеге доо кетерин эскерткен:

- Эгер терс жооп алсак, биздин аларга көз карашыбыз өзгөрөт. Анткени, адам тууганынан андай нерсени күтпөйт, - деди Чавушоглу.

Түркиянын тышкы иштер министринин билдирүүсү боюнча Кыргызстандын Тышкы иштер министрлиги өз жообун таратты. Жалпыга маалымдоо каражаттарына таратылган билдирүүдө Кыргызстан Түркиянын расмий жетекчилеринин тынчсыздануусуна түшүнүү менен мамиле кылары айтылат.

“Түркия - Кыргызстан үчүн тарыхый тыгыз байланышы бар, бир тууган өлкө. Бирок Кыргызстан көз карандысыз, эгемен өлкө катары эмне жакшы, эмне жаман экенин өзү чечүүгө кудурети жетет. Кайсы бир чет мамлекеттин тышкы иштер министри башка бир өлкөгө кандайдыр бир чара көрүү зарылчылыгын ультиматум тилинде көрсөтүүсү туура эмес” деп айтылат Тышкы иштер министрлигинин билдирүүсүндө.

XS
SM
MD
LG