Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
17-Апрель, 2024-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 00:58

Атамбаев Олимп оюндарына барчу спортчулар менен жолукту


Суучулдар.
Суучулдар.

Президент Алмазбек Атамбаев Рио-де-Жанейродо өтүүчү жайкы Олимп оюндарына Кыргызстандын атынан барчу спортчуларды кабыл алды. Өлкө башчысы аларга ийгилик каалап, эл аралык мелдеште өлкө атынан татыктуу мелдеш көрсөтүүгө чакырды.

“Олимп оюндарына таза күрөш аркылуу жолдомо алдыңыздар. Бул силер үчүн жетишкендик. Эгер жеңиш менен кайтсаңар силерди колубузга көтөрүп жүрөбүз”, - деди Атамбаев.

Атамбаев ошондой эле өлкөдөгү экономикалык кыйынчылыктарга карабай спортчуларды колдоого аракеттер көрүлүп жатканын кошумчалады.

Жолугушууда Кыргызстандын командасынын капитаны спортчу Арсен Эралиевге өлкө туусун тапшырды.

Кыргызстандын атынан Рио-де-Жанейродо өтүүчү Олимп оюндарына 19 спортчу катышат. Буга чейин өкмөт 1-орун алган спортчуга 7 миллион сом, 2-орунга 5 млн. сом, коло медалга 3,5 млн. сом деп бекиткен.

XXXI Олимп оюндары 5-августта башталып, 21-августта жыйынтыкталат. Спорттук мелдешке 206 өлкөдөн спортчулар катышат.(BkA)

XS
SM
MD
LG