Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 17:18

Сүлүктүдө талаштуу баннерди өрттөп кетишти


Баткендин Сүлүктү шаарында “Кайран элим, кайда баратабыз?” деген жазуусу бар баннерди белгисиз адамдар өрттөп кетишти. Бул маалыматты Баткен облустук милициясы тастыктады. Кабарларга ылайык, окуя кечээ кечинде болгон. Учурда милиция териштирүү иштерин жүргүзүп жатат.

Коомдо кызуу талаш жараткан баннерлер алгач Бишкек шаарында илинген. Анда улуттук кийимдеги аялдардын, бети-башын жоолук менен жаап, көзүн гана ачык калтырган кыз-келиндердин, ошондой эле чүмкөнгөн зайыптардын сүрөтү жайгаштырылган.

Баннерди коомчулукту экиге бөлүүчү чагымчыл мүнөздө деп баалагандар да болгон. Ошол эле маалда коомду диний радикалдашууга жеткирбөө үчүн мындай чакырыктар зарыл деген пикирлер да айтылган. Президент Алмазбек Атамбаев бул демилгени колдоп, андай баннерлерди бүт Кыргызстанга илүүнү тапшырган. (BkA)

XS
SM
MD
LG