Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 13:58

Жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыркулов кызматтан кетти


Өкмөтко караштуу Жаза аткаруу кызматынын төрагасы Алик Мамыркулов кызматынан бошотулду. Тиешелүү буйрукка премьер-министр Сооронбай Жээнбеков кол койгонун өкмөттүн маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, Мамыркулов кызматтан кетүү боюнча арызды өзү жазган.

Анын ордуна Таалайбек Жапаров дайындалды. Буга чейин Жапаров аталган кызматтын төрага орун басары болуп эмгектенген. Ал УКМКнын Терроризмге каршы борборунун директорлугун да аркалаган.(BkA)

XS
SM
MD
LG