Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Январь, 2025-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 21:20

Жапонияда майыптарды бычактаган адам кармалды


Полиция кылмышты иликтөөдө.
Полиция кылмышты иликтөөдө.

Маалыматка караганда, Токионун четиндеги майыптар үйүндөгү адамдарды бычактап өлтүрүүгө шектелген адам кармалды. Ал 19 кишини бычактап өлтүрдү деп шектелген 26 жаштагы Сатоси Уэмацу болуп чыкты. Кылмыш 26-июлда эртең менен болгон.

Суракта Уэмацу мурда кол салган жеринде иштегени маалым болду. Ал кылмышын мойнуна алып, “мен дүйнөнү майыптардан тазалагым келет” деп билдирди.

Мындай массалык киши өлтүрүүлөр Жапонияда сейрек кездешет. 2001-жылы мектептин мурунку короо шыпыргычы сегиз баланы бычактап салган болчу. (AiT)

XS
SM
MD
LG