Линктер

шейшемби, 21-ноябрь, 2017 Бишкек убактысы 14:45

Канада соту “Кыргызалтындын” бардык акцияларын камактан чыгарды


Кумтөр ишканасы

Канаданын соту “Центерра Голд” компаниясындагы “Кыргызалтын” ишканасынын бардык акцияларын камактан чыгарды. Бул тууралуу "Кыргызалтындын" маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, 20-июлда Онтарио провинциясынын Жогорку Соту “Кыргызалтындын арызын карап, буга чейин соттошуулардын жыйынтыгында камакка алынган акцияларды жана дивиденддерди камактан чыгарды.

2015-жылы февралда латвиялык ишкер Валерий Белокон жана түркиялык Entes Industrial Plants Constraction & Erection Constracting компаниясынын арыздары менен “Кыргызалтындын” акциялары камакка алынган эле.

Буга чейин Онтарионун Жогорку Соту аталган компаниялардын арыздарын негизсиз деп тапкан. (BkA)

Сиздин пикир

пикирлерди көрсөт

XS
SM
MD
LG