Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 06:27

Башкы түрмөчү кызматтан кетти


Алик Мамыркулов
Алик Мамыркулов

Мамлекеттик жаза аткаруу кызматынын башчысы Алик Мамыркулов кызматтан кетти. Аны кызматтан алуу тууралуу пикирлер буга чейин коомчулукта бир нече жолу көтөрүлгөн.

2015-жылы күзүндө №50 түрмөдөн 9 адам качып, анын кесепетинен 14 адамдын өмүрү кыйылгандан кийин Мамыркуловдун дагы деле кызматта кала беришин бир катар адамдар сындап келишкен.

Аны кызматтан алуу маселеси буга чейин өкмөттө да, Жогорку Кеңеште да талкууланган.

Күтүлбөгөн арыз

26-июлда өкмөттүн маалымат кызматы тараткан маалыматка караганда, ЖАМК башчысы кызматтан кетүү арызын өз каалоосу менен жазды. Бирок Мамыркуловдун кызматтан кетишине анын ишиндеги алешемдиктерге жол бергени себеп болду дегендер да жок эмес.

Жогорку Кеңештин укук тартиби жана кылмыштуулукка каршы күрөшүү боюнча комитетинин төрага орун басары Мирлан Жээнчоров, иштеги кемчиликтеринен тышкары, Мамыркулов премьер-министр Жээнбековдун командасына батыша албай койду деген ойдо.

- Жаңы премьер-министр өзүнүн кадрдык саясатына баа койду болуш керек. Алгач Мамыркуловго иштөөгө убакыт берилди. Бирок бара-бара Сооронбай Жээнбеков аны өз командасынан көрө алган жок. Себеби Алик Мамыркулов ЖАМК тармагында саясатты жакшы алып бара албай койду.

Депутат Мирлан Жээнчороев Мамыркуловдун кызматынан кетүүсүнө омбудсмен Кубат Оторбаевдин №47 түрмөдөгү окуясы да түрткү берди деп божомолдойт. 25-июлда акыйкатчыны аталган абактын жетекчилиги түрмөнүн ичиндеги абалды текшерүүгө киргизбей койгон. Оторбаев ал боюнча Башкы прокуратурага арыз жаза турганын билдирген болчу. ​

"Телтаев" тергөөсү бүтө элек

Былтыр күзүндө №50-абакта 9 адам качкан окуя Алик Мамыркулов түрмөлөрдү жетектеп турганда катталган. Анын кесепетинен бир милиционер, төрт түрмө кызматкери жана эки жай тургун каза болгон. Каргашага күнөөлүү деп кармалган аталган абактын башчысы Иманкул Телтаев көп өтпөй тергөө абагында табышмактуу жагдайда муунуп өлгөн.

Ошентип кайгылуу окуя, атайын операция учурунда жок кылынган кылмышкерлерди кошкондо, 14 адамдын өмүрүн алып кеткен.

Маркум Иманкул Телтаевдин тууганы Атай Бейшенбек уулу Мамыркулов кызматтан алынып гана тим болбостон, №50-абактагы кандуу окуя үчүн жооп берет деген ойдо:

- Иманкул Телтаев №50 түрмөдө жетекчи болуп турганда бир нече жолу абакта видео камералар иштебей, кызматкерлерди көбөйтүү өңдүү каттар менен ЖАМКнын жетекчиси Алик Мамыркуловго кайрылган. Бирок каттарга жооп келбей, акырында түрмөдөгү бардык күнөөнү Телтаевге оодарып, СИЗОго камашып, өлтүрүп тынышты. Бул иштер аягына чыга элек, сот бардыгын өз ордуна коёт деп ишенебиз.

Мамыркуловдун реформасы

Алик Мамыркулов Жаза аткаруу кызматын эки жолу башкарды. 2012-жылы жетекчи болуп турганда да түрмөлөрдө кырдаал оорлоп, нааразычылыктар ачкачылык жарыялоо менен коштолгондо ишинен кеткен.

Экинчи жолу 2015-жылы үч талапкердин арасынан тандалып алынганын ошондогу коопсуздук жаатындагы вице-премьер-министр Абдырахман Мамталиев мындайча эскерди:

- Мамыркулов өзү тажрыйбалуу киши. Ал жаңыдан кызматка барганда эле түрмөдөгүлөр качып, кыйын кырдаалга туш келип калып, сынга кабылды. Экинчиден, биз Мамыркулов ЖАМКга барар алдында түрмөдөгү шарттарды оңдоо боюнча жол картасын түзүп берген элек. Бирок ал өзүнүн программасы менен кетип, өкмөттүкүн эске албай койду. Менимче, ушул өңдүү көрүнүштөрдүн бардыгы анын ишмердүүлүгүнө терс таасирин тийгизди.

Өкмөт Мамыркуловдун ордуна Жаза аткаруу кызматынын төрагасы кылып Таалайбек Жапаровду дайындады. Адам укугу жаатындагы эксперт Улан Жумаковдун оюнча, Мамыркулов кызматтан кеткени менен түрмөлөрдө оң жылыш болуп кетпейт. Себеби жаңы жетекчи буга чейин Мамыркуловдун эле орун басары болуп келген:

- Таалайбек Жапаровдун резюмесин карасаңар ал УКМКнын терроризмге каршы борборунун директору кызматын да аркалаган. Демек бийликтин чекисттерди жогорку кызматтарга алып келүү саясаты дагы деле уланып атат. Бир кесиптин кадрларын бардык жакка алып бара берүү да өзүн актабайт. Жаза аткаруу кызматына эрки күчтүү, чечкиндүү адам керек деп айтаар элем. Болбосо Мамыркуловдун эле саясаты улана бермекчи.

Кыргызстанда жалпысынан 10дон ашык түрмө, алты тергөө абагы бар жана анда 15 миңдей адам отурат. ​

XS
SM
MD
LG