Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 16:45

Православ чиркөөсүнүн карама-каршылыктуу жүрүшү Киевге киризилбейт


Украинанын ички иштер министри Арсен Аваков коопсуздукка байланыштуу жүрүштүн Киевге киришине жол берилбесин 26-июлда билдирди. “Жасалма мина жана чыныгы гранаталар эртең менен табылды, ошондуктан жүрүшкө каршы чагым реалдуу экени анык болду” деп жазды Аваков Фейсбуктагы баракчасына. Миңден ашуун диний жарандар Украинанын чыгышы жана батышынан Киевге карай жүрүш жасашкан. 27-июлда эки агым кезигиши керек болгон жүрүштүн максаты тынчтыкка үндөө экени кабарланган. Бирок аны Украина православ чиркөөсүнүн Москва патриархатына баш ийген бөлүгү уюштургандыктан улутчулдардын нааразылыгын пайда кылган. (AiT)

XS
SM
MD
LG