Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:03

Орусиянын 85 спортчусуна Олимп оюндарына катышууга тыюу салынды


387 спортчусу бар Орусиянын олимпиада командасынын кеминде 85 спортчусуна Рио-де-Жанейродо боло турган Олимп оюндарына катышууга тыюу салынды. Алар допинг колдонгон деп айыпталууда. Олимп оюндарына катышууга тыюу салынган спортчулардын саны дагы өсүш мүмкүндүгү эскертилди. Кайык жана жеңил атлетиканын азыркы беш түрү боюнча Эл аралык федерациялар жети орусиялык спортчуга, алардын ичинде Олимпиаданын алтын медалынын ээсине Олимп мелдешине катышууга тыюу салынганын 26-июлда кабарлады.

Эл аралык олимпиада комитети орус командасынын Олимп оюндарына катышуусуна жалпы тыюу салбоо чечимин 24-июлда чыгарган. (AiT)

XS
SM
MD
LG