Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 06:43

Паспортту катталбаган жерден деле алууга болот


Бул жарандардын убактысын жана каражатын үнөмдөйт. Жаңы тартипке ылайык, Бишкекте жана Чүй, Баткен, Жалал-Абад облустарында жашагандар каттоосу ал жакта болбосо да, бул аймкактардан паспорт ала алышат деп билдирет Мамлекеттик каттоо кызматы. Жаңы жобо 15-августтан тартып ишке кирет.

Ал эми Ош, Талас, Нарын жана Ысык-Көл облустарында жаңы жобо сентябрь айынын ортосунан тартып кире баштайт.

Азыркы тартип боюнча, бир райондо катталган жаран башка бир райондон паспорт алууга арыз бере албайт. Ал же өзү катталган жерге барышы керек же Бишкектеги аймактар аралык бөлүмгө гана кайрыла алат.(ZKo)

XS
SM
MD
LG