Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 14:15

Обама: Демократиялык партиянын электрондук каттарынын жарыяланышына Орусиянын тиешеси болушу мүмкүн


АКШ президенти Барак Обама.
АКШ президенти Барак Обама.

Бул тууралуу АКШнын президенти Барак Обама 26-июлда NBC News телеканалына берген интервьюсунда билдирди. Ал эми электрондук каттардын жарыяланышынын максаты АКШдагы президенттик шайлоого таасир этүү экени аталууда.

Ал каттарда Демократиялык партиянын жетекчилиги Берни Сандерс менен Хиллари Клинтондун таймашында Клинтонду колдоого басым жасаган. Ал эми талапка ылайык алар бардык талапкерлерге бирдей мамиле жасаш керек болгон. Азыркы кезде партиянын электрондук почтасын ким же кайсы тарап “сындырганын” ФБР иликтеп жатат.

Барак Обама “эксперттер аны орустар менен байланыштырууда, орустар биздин мамлекеттик эле эмес, менчик системаларды да сындырып жатканын биз билебиз” деп кошумчалады. “Бул сындыруунун максаты эмне болушу мүмкүндүгүн ачык айта албаймын, бирок баары болушу мүмкүн, анын ичинде АКШдагы шайлоо жыйынтыгына Орусиянын таасир этүү аракети” деп белгилейт Барак Обама. (AiT)

XS
SM
MD
LG