Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:55

Еревандагы атышууда куралдуу топтун лидери жарадар болду


Армения.
Армения.

Армения полициясынын 27-июлдагы маалымдоосуна караганда, 26-июлда кечинде чыккан атышууда полиция имаратын жана кызматкерлерин барымтада кармап турган куралдуу топтун лидери Павел Манукян жана анын уулу жараланды.

“Сасуналык каармандар” аталган топтун эки мүчөсү Гагик Егизарян жана Арам Акопян полиция колуна түшүп берди. Армениянын ички иштер министрлигинин маалымат катчысы Ашот Агаронян “атышууда Манукян жана анын уулу менен кошо бир полиция жарадар болгонун, алардын баары ооруканага жеткирилгенин” билдирди. Маалыматка караганда, учурда атышуу токтоп, куралдуу топтун калган мүчөлөрү менен колго түшүп берүү боюнча сүйлөшүү жүрүүдө.

“Сасуналык каармандар” тобу полициянын маалыматын жарым-жартылай тастыктап, полиция алар кармап турган имаратка кирип келип, “Павел Манукян жана Арам Манукянды жарадар кылышты, ал эми Гагик Егизарян жана башка мүчөлөрдү кармап кетти” деп Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Еревандагы полиция имаратын басып алган куралдуу топ өз лидери Жирайр Сефилянды абактан бошотуу жана президент Серж Саргсяндын кызматтан кетишин талап кылууда. (AiT)

XS
SM
MD
LG