Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
4-Май, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 13:25

Өкмөт кызматкери интернетке чектөө болбогонуна нааразы болду


Өкмөт аппаратынын Билим берүү, маданият жана спорт бөлүмүнүн башчынын орун басары Айбек Исаев интернет жана социалдык тармактарда жогорку кызматтагы адамдарды сындап жатканына нааразылыгын билдирип, чектөө зарылдыгын билдирди.

Бул тууралуу Маданият, маалымат жана туризм министрлигинин коллегиясында билдиргенин жергиликтүү маалымат каражаттары жазып чыкты. Исаев өлкөдө жолдор, мектептер курулуп жатканына карабай жаштар интернетте сындап жатканына көнүл бурган.

Буга байланыштуу Маданият министрлигинин алдындагы Маалыматтык саясат боюнча департаментке кайрылып, бул жаатта абалды көзөмөлдөө боюнча иш алпарышы керектигин өкмөт аппаратынын кызматкери белгилеген.

Айбек Исаевдин бул сөзү интернетте талкууларды жаратып, бир катар журналисттердин нааразылыгын жаратты.(BkA)

XS
SM
MD
LG