Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
9-Май, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:39

Аба ырайы: 28-июлдан тарта күн сууйт


Ысык саратандын жаалы кайтып, 28-июлда аба ырайы кескин өзгөрүлөт. 28-31-июлда мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаашы мүмкүн. Айрым аймактарда батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундуна 18-23 метрге жетет.

Мындай жаан-чачындуу аба ырайы айыл чарба иштерин, автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

28-июлда айрым тоолуу райондордо өткүн өтүп, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден, кээ бир райондордо 18-23 метрге жетиши мүмкүн.

Абанын табы:

Чүйдө түнкүсүн 18…23, күндүз 24…29,

Таласта түнкүсүн 15…20, күндүз 23…28 жылуу болот,

Баткенде түнкүсүн 18…23, күндүз 24…29,

Ош, Жалал-Абадда түнкүсүн 20…25, күндүз 25…30 ысыйт,

Ысык-Көлдө түнкүсүн 14…19, күндүз 18…23,

Нарында түнкүсүн 9…14, күндүз 24…29 жылуу болот.

28-июлда Бишкек шаарында мезгил-мезгили менен жаан жаап, күн күркүрөйт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы 4-9 метрден 15-20 метрге жетет. Абанын түнкү температурасы 20…22°, күндүз 27…29° жылуу болот.

Сунуш кылынган арга.

XS
SM
MD
LG