Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:59

Сириянын түндүгүндөгү теракттан ондогон адамдардын өмүрү кыйылды


Камышлы шаарындагаы жардыруудан кийин
Камышлы шаарындагаы жардыруудан кийин

Көбүнчө күрттөр жашаган Камышлы шаарында 27-июлдагы теракттан каза болгондор саны бери дегенде 44 жеткенин, ал эми жарадар болгондор ондоп саналарын Сириянын өкмөттүк маалымат каражаттары кабарлады. “Ислам мамлекети” деп аталган террордук уюм жардырууга жоопкерчилик алды. Жергиликтүү тургундардын айтымында, жардыргыч зат жүктөлгөн жүк ташуучу автоунаа шаардын батыш тарабында жардырылган. Каза болгондордун көбү жай тургундар. Катуу жардыруудан имараттар да зыянга учураган. (AiT)

XS
SM
MD
LG