Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:31

Боом капчыгайы кулаган таштардан тазаланды


Боом капчыгайы.
Боом капчыгайы.

27-июлда кечке жуук, саат 18:45 чамасында Бишкек-Балыкчы жолундагы Боом капчыгайына таш кулап, жолдун бир тарабын жаап калган. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги ал жерге жол эксплуатациялоочу ишкананын кызматкерлери атайын техникалары менен барып, жолду тазалоо иштери жүргөнүн маалымдады.

Учурда жол ачык.

Буга чейин Боом капчыгайында жаан жааган сайын жаңы салынган жолду суу каптап, ары-бери каттагандарга кыйынчылык жаратып жатканына нааразылыктар айтылган.(ZKo)

XS
SM
MD
LG