Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:22

Трамп Орусияга Клинтондун жок кылынган каттарын “табууну” сунуштады


Дональд Трамп.
Дональд Трамп.

Миллиардер муну менен Клинтондун интернеттеги кат алышуулары ачыкка чыгуусуна Орусия турат деген сөздөргө жооп кылды деп жазды The New York Times гезити.

АКШ президенттигине талапкер Хиллари Клинтон Мамлекеттик катчы кезинде өзүнүн жеке электрондук даректерин пайдалануу менен жашыруун маалыматтардын ачыкка чыгып кетүүсүнө шарт түзгөн жокпу деген күмөн саноо жаралган эле. Клинтонду бул маселеде президенттик шайлоодогу болочок атаандашы Дональд Трамп кескин сындап келе жатат.

Күмөн саноо учурунда Клинтон АКШнын чалгын кызматына өзүнүн электрондук жеке почтасын текшерүүгө берген. Ал жеке мүнөздөгү делген 30 миң катты алдын ала жок кылган. Трамп мына ошол 30 миң катты табууну орустарга сунуштоодо.

XS
SM
MD
LG