Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Апрель, 2026-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 18:16

Мэрия: “Көз айнек. Көз караш” арт-эстелигин эч ким сындырган жок

“Көзайнек. Көзкараш” арт-эстелиги кечээ ачылган.
“Көзайнек. Көзкараш” арт-эстелиги кечээ ачылган.

Бишкектин Жаштар аллеясына орнотулган “Көзайнек. Көзкараш” арт-эстелигин эч ким сындырган жок. Бул тууралуу Бишкек мэриясынан кабарлашты.

Буга чейин социалдык тармактарда кечээ орнотулган арт-эстеликти белгисиз адамдар сындырып кеткени тууралуу кабар тараган эле.

“Көзайнек. Көзкараш” арт-эстелиги кечээ ачылган. Көз айнек инсталляциясын DOXA art-group тобунун адистери жасашты. Көзайнекте адам укуктарын урматтоого чакырган визуалдык тексттер жайгаштырылган.(BkA)

XS
SM
MD
LG