Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:25

Президент Атамбаев Балыкчыда жолду эртелеп бүткөрүүнү тапшырды


Бүгүн президент Алмазбек Атамбаев Ысык-Көл облусуна жумушчу сапар менен барды. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан кабарлашты. Маалыматка ылайык, жумушчу сапарда Балыкчы шаарындагы болбордук көчөнү оңдоонун жүрүшү менен таанышты.

Анда транспорт жана жолдор министрлиги Замирбек Айдаров жолду оңдоонун жүрүшү тууралуу маалымат берди. Министрдин айтымында, жолду капиталдык оңдоого бюджеттен 160 миллион сом бөлүндү.

Президент бул жолдун маанисин белгилеп, өз убагында бүткөрүүнү тапшырды

Буга чейин Балыкчы шаарындагы борбордук көчөнүн оңдоо өтө жай жүрүп, эс алуучуларга ыңгайсыздык жаратып жатканын айтып келишкен.(BkA)

XS
SM
MD
LG