Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 16:06

Орусияда жапырт кадрдык өзгөрүүлөр болду


28-июлда Орусиянын Бажы кызматын 10 жылдан бери жетектеп келаткан, орус-кыргыз өкмөттөр аралык комиссиясынын жетекчиси Андрей Бельянинов кызматынан алынды. Өкмөт башчы Дмитрий Медведев кол койгон буйрукта “өз өтүнүчү менен” деп жазылган. Андан эки күн мурда эле Орусияга аткезчилик менен ташылган алкоголь продукцияларына байланыштуу тинтүү учурунда Бельяниновдун үйүнөн түрдүү валютадагы 60 миллиондой рубль чыккан.

Ушул эле күнү президент Владимир Путин Киров, Калининград жана Ярослав облустарынын губернаторлорун алмаштырып, аннексияланган Крымдагы Севастополь шаарына да жаңы жетекчи дайындаган. Ошондой эле Түндүк-Батыш, Түндүк Кавказ жана Сибирь федералдык округдарындагы президенттин өкүлдөрү жаңыланды.

Ошондой эле президент Орусиянын Украинадагы элчиси Михаил Зурабовду кызматынан бошотту.

Кадрдык жүрүштөр сентябрда өтчү парламенттик шайлоонун алдына туш келди.

XS
SM
MD
LG